Орусиялык белгилүү алып баруучу Ксения Собчак орустун өлкө башчысы Владимир Путиндин 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого катыша турганы боюнча билдирүү жасады.
"Мен бул жерден эч кандай жаңылык көрө алган жокмун. Маалым болгондой кайра эле шайлоонун жыйынтыгы боюнча Путин жеңишке жетишет. Ошентсе да мен өз сөзүмдөн кайтпайм жана президенттик шайлоого катышам. Мен өзгөрүүнү каалагандардын атынан сүйлөйм", - деген ал.
Белгилей кетсек кечээ, 6-декабрда Путин президенттикке талапкерлигин коё турганын Төмөнкү Новгород шаарындагы унаа чыгаруучу заводдун 85 жылдыгына арналган митинг-концертинде жарыялаган. Ал эми Ксения Собчак буга чейин эле келе жаткан шайлоодо өз талапкерлигин коё турганын айтып келген.