Кыргыз кызы Нази Маатказиева "Miss Asia Russia-2017" сынагында финалга чыкты

Кыргыз кызы Нази Маатказиева "Miss Asia Russia-2017" сынагынын финалына чыкты. Буга чейин анын катышуучуларына онлайн добуш берүү жүргүзүлгөндүгүн Мисс Медиа эл аралык порталы жазды.

Маалыматта жазылгандай, сынактын финалы 14-декабрда өтөт. Ага Орусия, Кытай, Казакстан, Монголия, Непал, Вьетнам жана Кыргыз өлкөсүнөн финалга чыккан 15 бийкеч катышат.

Эл аралык маданий фестиваль-сынак Москвада өтөт. Уюштуруучулар азиат түспөлүндөгү бийкечтердин, аялдардын табигый сулуулугун даңазалоону, интеллектуалдык жана чыгармачылык жактан өнүгүүсүнө үндөөнү, коомдук иштерге активдүү катышууга чакырууну максат кылган. Сынак-фестивалдын алкагында катышуучуларга жаштардын жашоого болгон жекече көз карашын калыптандыруу, жеке жашоосунда жана жумушунда ийгиликтерге жетишүү, ыйман жана сергек жашоо тууралуу айтылат.

Фестивалга катышып жаткан 20 жаштагы Нази Маатказиева буга чейин "Кыргыз өлкөсүнүн сулуу кызы" деп аталган сынакка катышып, биринчи вице-мисс наамын жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
zevs
2017-12-07 13:46:16
wypyrgy kotorup alyptyrgo
+2
Omush94
2017-12-07 13:57:30
Кайсы Гана сулуулук сынак болбосун кыздардын сексуальный сүрөттөрүн көрөбүз, ошентип дененди көрсөтүп катышкандан көрө катышпай эле койбойсуңарбу?
+4
Bekovich76
2017-12-07 14:40:37
Omush94,анда катышпаса кыздарыбыз эчжака чыкпай журо беришсинби тупой болуп талап ошондой болсо мне кылсын
0
Omush94
2017-12-07 17:38:49
Bekovich76,талапты ошондой койсо катышпасын, Эми сенин тупой деген сурооңо жообум болсун: Эр жетип чоңойгон кызың ушинтип жүрсө сага жакшы көрүнөбү? Жооп берчи ушуга бул да, ал да бирөөнүн кызы...
+4
nurhan2702
2017-12-08 11:53:23
Omush94,Уфф силерге кыздар, аялдар оронуп чулганып бир короодо беш алтоо бир эркектин аялдары болуп отурса жагабы? Советтик доордо деле ачык кыска кийинишкен баары эле. Бирок ал убакта эч ким сындаган эмес, сексуалдуу корундун деп эч ким айтпаган. Ою туз болгон.
0
bekub1473kg
2017-12-08 16:32:06
Omush94,туура айтасын досум мен Гулнур асанова эжени жакшы кором ачык чачык кийиндейт кыргыздын кызы ошондой болуш керек
0
bond0202
2017-12-07 14:15:16
ийгилик каалайбыз! сулуу экен чынында
+4
Azatbek83
2017-12-07 15:01:45
Чапташкан кийим жыртыгы бар чала кийимчен денесин корсоткон гана сулуу болобу?!Мис ХХХХ деп эле атап койушсун!Сулуу Адам жабык кийинсе кобуроок кызыгуу болмок!
+4
Omuur94
2017-12-07 15:17:37
Ар бир адам оз-озуно сулуу,красавчик))
0
Alibay
2017-12-07 16:25:44
Жогоруда Сапар Исаков айдоочулар жакында жолдо жургону учун акча толой баштайт деген тема жабык болгону учун бул жакка жазып жатам.Эми кийинирээк дем алган абага дагы акча толоп калат окшойбуз го.Анткени суу озубуздо шаркырап агып турса дагы толойбуз.Дарыяларыбыз туруп электр энергиясына толойбуз.Ушул эле калды эле .эми буга дагы толойт экенбиз.
+6
FIFA7
2017-12-07 17:23:56
Жарим жыналачтанып чечинмей, жасалмалап талтайып суротко тушмой, койкондоп басмайлары башталдыбы дагы бул арыжоктордун?).
+2
gumigumi1990
2017-12-08 11:37:27
Жон гана ийгилик сага деп койсонор бир жеринер кемип калабы.
0
gumigumi1990
2017-12-08 11:39:12
Ийгилик. Эн алдынкы орундарга ээ бол.
0
nurhan2702
2017-12-08 11:55:11
Ийгилик каалайм, абдан сулуу экен
0
Birimdik5555
2017-12-11 01:33:05
Ийгилик,моюну койкойгон аккуудай кыз экен,кыргызымда сулуу кыздар кобойо берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан