Американын Нью-Йорк шаарында "Чыныгы подиум" деп аталган "көргөзмө" өттү. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, анда моделдердин ордуна түрдүү расадагы, улуттагы, дене түзүлүштөгү, жаш курактагы аялдар Нью-Йорктун "Таймс-сквер" аянтында ич кийимчен басышкан. Шаардын борбордук бөлүгүндө басып бараткан аялдарды жолдон өткөндөр кол чаап коштоп турушкан.
Бул иш-чараны жергиликтүү активист аял уюштурган. Анын айтымында, акциянын максаты - "Victoria’s Secret" ич кийимдер брендинин ноябрь айында өткөргөн мода көргөзмөсүнө жооп узатуу болгон.
"Биз бул бренддин аялдардын дене түзүлүшү атайын бир стандарттарга төп келиши керек деген таңуулоосун каалабайбыз. Биз ар бир аял өзүн күчтүү, сулуу сезип, өзүнө болгон ишеними жогору болушун каалайбыз. Эч бир стилист, жалпыга маалымдоо каражаттары сулуулуктун кайсы бир стандарттарын айтып, ошондой болууга, бизди өзгөрүүгө чакырбашы керек. Анткени сенин денең сага эмне керек экенин баарынан жакшы билет - себеби ал сенин эң жакын досуң", - деген активист.
Эске салсак, 20-ноябрда мода дүйнөсүндөгү эң негизги жана масштабдуу иш-чаралардын бири болуп эсептелген
"Victoria's Secret Show" мода көргөзмөсү бул жылы Кытайда өтүп, көп кызыктар коштолгон.