Жаш активисттер Кыргыз жеринде порнографиялык сайттарга тыюу салууну сунушташууда

Жаш активисттер бүгүн, 7-декабрда маалымат жыйын өткөрүп, Кыргыз жеринде порнографиялык сайттарга тыюу салууну сунуштап чыгышты. Алар порнографиялык сайттардын кенен жайылып жатышы жана жаш өспүрүмдөрдүн мындай мазмундагы сайттарга кирип жатышына эч кандай көзөмөл болбой жатканын белгилешти.

Активисттердин бири Жоомарт Теңизбаев ата-энелерди балдарына телефон карматпоого чакырды.

"Азыр ар бири эле балдарына телефон карматып коёт. Албетте, сабактан качан келе турганын, кайда жүргөнүн билүү үчүн берет. Бирок азыр ар бир телефон менен интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Кайсы бир социалдык баракчага кирбесин жарнамаларда порнографиялык мазмундагы сайттардын шилтемелери бар. Өспүрүм ал сайтка кирет да, өзү каалаган видеону көрөт. Порнографиялык сайттар жаш балдарга өтө терс таасир берип, агрессивдүүлүгүн күчөтөт. Ошондуктан порнографиялык сайттарга тыюу салуу үчүн мыйзам кабыл алуу керек", - деди Теңизбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
portugalia
2017-12-07 11:38:23
Жакшы нерсени которуп чыгышыптыр.Балдарды 24саат козомолдой албайбыз да.
+17
bakyt78
2017-12-07 11:49:50
Порно сайттарды жапкан жакшыго, а биздикилер кыздарды жыланач кылып краскалап, уяттуу жерлерин коргоздуруп, сенин жамбашын, кокурогун чон экен деп, биринчи орунду берип, чет олкого эс алууга жонотуп жатпайбы. Кочодо саныны корсотуп, ачык кийингендерди тыя турган мыйзам кабыл алыш керек.
+16
Asman...
2017-12-07 12:04:27
Туура ошол сайттарды жабуу керек.
+15
KUBI
2017-12-07 12:15:10
Эми кочодогу отуп баратканды кантип тыят. Телефонду алып блок койо турган бирдеке ойлош керек.
-12
Tyty1990
2017-12-07 12:25:40
KUBI, кочодогу ар адамды тыйбайт акылдуум. Муну жон гана сайттарды жаап салат. Адамдар порно деа сайттан издегенде кирууго болбойт деп гана жабык болот. Болду башты оорутуштун кереги жок. Бул ишти иим караса керек.
+10
Bek_abad
2017-12-07 12:38:50
Жакшы болот эле ушул мыйзам кучуно кирсе.

магада терс таасирин тийгизген))
0
nurik-95
2017-12-07 12:50:33
ошентишсе жакшы болот эле
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан