YouTube жылдын эң көп көрүлгөн видеолордун тизмесин жарыялады

YouTube бир жыл ичинде эң популярдуу болгон видеолордун тизмесин аныктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Жыл башынан бери YouTube'дан эң көп көрүлгөн видеороликтер:

1. Жылдын эң мыкты видеоролиги деп Таиланддын "The Mask Singer" сынагынын катышуучусунун ролиги аталды. Ал көрүүчүлөрдү жана калыстар тобунун гана купулуна толбостон, интернет колдонуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Аталган ролик 182 миллион жолу каралган.

2. Экинчи орунду Лос-Анжелестин бийчилери ээлеген. Алар Эд Ширанын "Shape Of You" ырына мыкты бийди тартуулашкан. Бул видеону 119 миллион адам көргөн. Роликтин алдына колдонуучулар видеону көрүп өздөрү да бийлеп жиберишкенин жазышкан.

3. Ал эми үчүнчү орунду пинг-понг оюнуна арналган топтор менен ар кандай трюктарды жасаган жигиттин видеосу ээлеген. Эч кандай өзгөчөлүгү жоктой көрүнгөнү менен ал 93 миллион жолу көрүлгөн.

Ал эми 2017-жылда популярдуулукка жетишип эң көп көрүлгөн жана кызуу талкуу жараткан видеоклиптер төмөндөгүлөр:

1. Дүйнөлүк видеоклиптердин арасынан бул жылы талашсыз лидер деп Луис Фонси жана Дэдди Янкинин "Despacito" ырына тартылган видеоклип аталды. Азыркы убакка чейин бул клипти 4,5 миллиард адам көргөн, эң кызыгы көрүүчүлөрдүн саны күн санап эмес, саат сайын өскөндүгү белгиленген.

2. Экинчи орунду 2,5 миллиард жолу көрүлгөн Эд Ширанын "Shape Of You" ырына тартылган клиби алган.

3. Жылдын эң популярдуу видеоклиптеринин үчүнчү сабында Жей Балвин жана Вилли Вилльямдын "Mi Gente" клиби жайгашкан. Аталган видеоклип 1,3 миллиард жолу көрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sagyn.91
2017-12-07 15:51:56
Ужас! Соз жок клиптерге!
+1
Dembele84
2017-12-07 15:55:03
Луис Фонси жардыго быйыл каналдарды,Книга Рекордго кирген Gangnam Styleдан эки эсе ашып тушту.Бирок PSY аз убакыт аралыгында миллиарддан ашык корулду-деп рекордго кирген.
+1
FIFA7
2017-12-07 17:20:47
Бул видеону жуктогондорго эл коп коргондугу учкн ю.тб администратору сыйлык катары акча береби ошондо?).
+2
Syn4y
2017-12-07 19:10:50
FIFA7,берет да,ошон учун жанталашып жуктошот да
+2
karashire
2017-12-07 21:21:50
kurtlar vadisi pusu ушул кино биринчи орунда турат ушу кинону корсон коргондой болосун
+1
FIFA7
2017-12-08 01:48:58
karashire, Не мааниде и кайсы тилде ал?).
0
tasnim
2017-12-08 09:45:01
FIFA7,жазуусу боюнча турк сериалы окшойт
0
mirlanusenov
2017-12-08 05:16:25
Роликтердин аталыштарын кошо берсеңер болмок?
+1
JaneEr
2017-12-08 12:27:59
Мааниси жок убакытты бекер корото турган видеолорго бут эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан