Дүйнөдө эң кымбат бааланып 450 миллион долларга сатылган картинаны ким сатып алганы белгилүү болду

Дүйнөдө эң кымбат деп эсептелип 450 миллион долларга сатылган картинаны ким сатып алганы белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Нью-Йорктогу аукциондо италиялык сүрөтчү Леонардо да Винчинин кыл калемине таандык 450 миллион долларга "Дүйнөнүн куткаруучусу" сүрөтүн сатып алган сауд арабиялык ханзаадалардын бири Бадер бин Абдулла бин Мохаммед бин Фархан Аль Сауд экени белгилүү болду.

Азыркы тапта картинаны сатып алган ханзаада тууралуу кенен маалымат жок. Айрым такталбаган маалыматтарга караганда картинанын ээси азыркы тапта Сауд Арабиясынын бийлик башында турган Мохаммед бин-Сальмандын жакын досу экени айтылууда.

Ошондой эле өзү мусулман болуп туруп Иса пайгамбар тартылган бул сүрөттү чоң суммадагы акчага сатып алышы Араб өлкөсүндө коомчулуктун нааразычылыктарын жаратышы мүмкүн экендиги айтылууда.

"Дүйнөнүн куткаруучусу" деп аталган сүрөт 1500-жылдарга таандык. 17-кылымда ал Англиянын королу Карл Iдин карамагында болуп, кийин дайыны табылбай калган. Абалы начарлап, бузулган, автору көрсөтүлбөгөн бул сүрөт XX кылымдын башында сүрөт базарларында кайра пайда болгон. Ушул жылдын 15-ноябрында Нью-Йоркто аукцион өткөрүлүп, картина эң кымбат баага сатылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ori
2017-12-07 15:15:47
Бул дагы кыяматтын белгиси!
+4
pero123
2017-12-07 16:40:33
ori,кандай кыямат кыямат причём бул жерде?!соонун картина экен бир акчасы көп ручной работа экенин көрүп баалап сатып алды.азамат экен талантты баалаган чыныгы азамат адам экен ошол сатып алган!
-1
Abdusamat.kg
2017-12-07 15:19:34
Бирок бир күн келет чынында эле Аллах тарабынан жөнөтүлүп дүйнөнүн куткаруучусу болот Иса алейхи салам. Даджалды өлтүрөт
+7
Nibiru.
2017-12-07 15:56:00
Abdusamat.kg,мына сага
+1
kechirmeni
2017-12-07 16:14:55
=ХАДИС=
"Алланын алдында байлык боюнча эсеп бербей турган кедейлер байлардан кырк жыл мурун бейишке киришет"
(ТЕРМЕЗИЙ, КИТАБУ ЗУХД)
"Байлар чынында кедейлерден да кедейирээк"
(БУХАРИЙ)
+7
Tyty1990
2017-12-07 18:38:45
kechirmen кедейлер биринчи бейишке кирет,байлар 500 жылдан кийин гана кирет деп да айтылат.
+4
Nazaroff1974
2017-12-08 04:44:08
Бу Кыргызстандын бюджетинин жарымы го.Арабдар кутуруптур нефтинин акчасына.Иисустун суротун уйуно тагып коет эми.Де факто христианский покровитель верующих.А биздикилер бул арабдардын созун окушуп сыйынышат.А арабдар баарын баш ийдирип алганына маашырланышып шылдын кылышат
+3
nazira...
2017-12-08 08:43:21
Nazaroff1974, ооба, арабтарга деле ишенич кетти окшойт. Тимеле уйундо адам эмес жаныбардын да суроту илинбеш керек дешип коюп эми не кылганы, же бул суротту дагы кошуп кымбат сатат бекен, же орттоп жиберет бекен.
+1
Gumu007
2017-12-08 20:55:11
Эркекби же кызбы
0
Bektur.osh
2017-12-12 16:47:35
арабтар жаа кооп кеттиго э? же не арабияда кедейлер жокпу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан