Америкалык ырчы Бейонсеге окшош кызды ырчынын күйөрмандары тажатты

Америкалык ырчы Бейонсеге окшош кызды ырчынын күйөрмандары тажатты. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматта жазылгандай, поп-аткаруучу Бейонсеге окшош Бриттани Уильямс аттуу кыз Американын Детройт шаарында жашайт. Ал кайда барбасын Бейонсенин күйөрмандары анын тынчын алышат.

Уильямс жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде: "Бейонсенин күйөрмандары мен кайда жүрбөйүн дайыма тынчымды алышат. Эс алуу кечелерде, керек болсо учактын ичинде да кол тамга сурап же болбосо сүрөткө түшүп алууну суранышып айламды кетиришет. Бир жолу курбу кызым экөөбүз бара жатсак, артыбыздан аялдар ээрчип унаага чейин кубалап келишкен. Биз унаага отуруп алсак, алар бут кийимдери менен терезелерди сындырып коё жаздашкан", - деп билдирген.

Буга карабастан Бриттани Бейонсеге окшош экендиги менен сыймыктанат. Ал да жакшы бийлеп, ырдай тургандыгын айтат. Ал келечекте Бейонсенин эмес өзүмдүн күйөрмандарым артымдан калбай ээрчисе деп кыялданат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ayzirek91
2017-12-07 17:45:48
Аябай окшошкен чындыгында
-3
ilgizk
2017-12-07 17:56:45
Окшобойт
+4
Valley.of.the.Wolves
2017-12-07 18:22:42
Бирок, Бейонседен сулуу экен
+3
Adylbek001
2017-12-07 21:22:03
Фигурасы кандай болду экен
+1
Baatirbek81
2017-12-07 23:01:42
Ар бир адамдын өзүнө окшош жети адам болот деп жүрүшөт
-1
raykray
2017-12-08 02:00:48
Озундой болбойтда бирок чындыгында окшош
+2
Abdumital
2017-12-08 21:28:31
Куйуп койгондой эмес кантип эле куйорманы болуп ажырата албайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан