Америкалык Меган Койл таланттуу сүрөтчү. Бирок сүрөт тартуу менен гана алектенбестен ар түрдүү кызыктуу иш-аракеттери менен да таанымал. Башкача айтканда, ал жасалма көз жана ооз менен жашылча, жер-жемиштерге "жылмаюу" тартуулайт.
"Ар дайым олуттуу нерселер менен алектенүү мен үчүн эмес, кээде жашоону позитивге айлантуу кажет. Мындан улам бири-бирине окшошпогон нерселерди ойлоп тапкым келет", - дейт ал өзү.
Кээде жер-жемиштердин жылмаюусун калемдин жардамы менен тартып, кийин анын сыртын аарчып жегенден ырахат аларын да айтып келет.