Жер бетиндеги эң байыркы көз табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, окумуштуулардын эл аралык тобу жер жүзүнөн жок болуп кеткен суу жандыгынын катып калган калдыгынан көз таап алышкан. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, табылган калдыктар муунак буттуу, омурткасыз суу жандыгына таандык экени белгилүү болгон. Табылган көздөр болжол менен 530 миллион жыл мурун жашаган жандыкка тиешелүү экенин айтышкан окумуштуулар.
Табылган көз жакшы сакталгандыктан аны изилдөө жеңилге турган. Көз өзүнүн түзүлүшү боюнча кумурскалардын көзүнө окшош экендиги белгилүү болгон. Окумуштуулардын билдиргенине таянсак, жандыктын көзүнүн көрүүсү начар болгон.
Трилобит - палеозой доорунда, болжол менен мындан 530-251 миллион жыл мурун деңиздерде байыр алып, кийин жер жүзүнөн жок болуп кеткен муунак буттуу жандыктар.