Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Козукеев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге актёрдун кесиптештери тастыктады. Маалыматта белгилүү болгондой, актёр кант диабетинен жабыркап келген.
Ал эмгек жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр жана көркөм жетекчи болуп улантып келе жаткан. Кыргыз киносунда дагы бир катар элдин эсинде кала турган ролдору менен таанымал.
Марат Козукеев 1970-жылы 8-сентябрда Бишкек шаарында чыгармачыл үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы Жумабек Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр болуп эмгектенген. Ал эми апасы Кандалат Муратова режиссёрдун жардамчысы болуп пенсияга чыкканча аталган театрда иштеген. Таланттуу үй-бүлөгө "тамашоучу" Эмил Эсеналиев күйөө бала болгон. Актёрдун артында 2 кызы, 1 уулу жана жубайы калды.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Марат Козукеевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.