Индияда 23 жаштагы кош бойлуу келин 2 буту бириккен, жынысы жок ымыркай төрөдү. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматта жазылгандай, суу пери (русалка) синдрому менен төрөлгөн ымыркай жарыкка келгенден 4 сааттан кийин чарчап калган. Көз жарган аял кара жумушчу болгон. Үй-бүлөлүк шарттын начарлыгынан кош бойлуу кезинде медициналык текшерүүлөрдөн өткөн эмес.
Келин төрөгөн оорукананын балдар дарыгери Судип Саха ымыркайдын мындай абалда төрөлүшүнө эненин кан айлануусунун начарлашы жана туура эмес же жакшы эмес тамактануусу себеп болушу мүмкүн экендигин айткан.
Суу пери синдрому өтө чанда кезигип, мындай абалда төрөлгөн балдар демейде жарыкка келгенден 1 күндөн кийин чарчап калышат. Буга бөйрөктүн жана табарсыктын толук жетилбегендиги себеп болот. Жынысы жок төрөлүп эң көп жашаган бала деп америкалык Шайло Пепин аттуу кыз эсептелинет. Анын жынысы гана эмес ичегиси да толук эмес болгон. Бир катар хирургиялык операциялардын жардамы менен ал 10 жыл жашап каза болгон.