Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили ачкачылык жарыялады

Камакка алынган Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу 9-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

8-декабрда Михаил Саакашвили укук коргоо органы тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Айтка кетсек, Саакашвилини 5-декабрда Украинанын Коопсуздук кызматы Киевдеги үйүнөн кармап кетишкен. Бирок көп өтпөй тарапташтары Коопсуздук кызматынын унаасын талкалап, Саакашвилини бошотушкан. 6-декабрда ал тарапташтары менен бирге Жогорку Раданын алдына митинг өткөрүп, Жогорку Раданын депутаттарын тез арада Украинанын президенти Пётр Порошенкого импичмент жарыялоого добуш берүүгө чакырып, ошондой эле башкы прокурор Юрий Луценконун кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

Саакашвили кылмыштуу топко жардам берген жана алардын кылмыш ишин жашырган деген негизде айыпталууда. Украинанын мыйзамдарына ылайык, мындай аракети үчүн ал 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Саакашвили 2008-2013-жылдарда Грузиянын президенти болуп туруп, кийинки президенттик үчүн жарышта утулгандан кийин Украинага өтүп кеткен. 2015-жылдын 30-майында Петр Порошенко ага жарандык берип, ошол эле күнү Одесса облусуна губернатор кылып дайындаган. Саакашвили Грузиянын президенттиги кызматында турганда өзү чыгарган буйрукка ылайык, кош жарандуулук алууга жарандарга тыюу салган. Бул буйруктун негизинде, 2015-жылдын 4-декабрында Саакашвили Грузия жарандыгынан чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ali-han
2017-12-10 11:57:00
Жон эле журо бербейби эми. Ушинте берсе жок кылып таштайт анан Порошенко
-1
Petrovka
2017-12-10 12:33:37
Озум кылган иш оз башыма муш болуптур да Поршенкого. Жарандык бербей коюш керек эле да качкынга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан