АКШда белгисиз адам баскетбол беттешинен кийин ок чыгарып, 3 кыз жабыркады

АКШнын Иллинойс штатындагы Шампейн шаарында баскетболдук беттештен соң ок атуу болуп, 3 жаш кыз жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, кечээ, 9-декабрда жергиликтүү Danville High Vikings жана Chicago Maroons баскетбол командаларынын беттеши бүткөн соң белгисиз адам ок чыгарган. Натыйжада 3 кыз жаракат алышкан. 15 жаштагы мектептин окуучусу, 17 жаштагы жергиликтүү тургун жана 18 жаштагы коллеждин окуучусу. Жабыр тарткандар жакынкы ооруканага жеткирилген, учурда абалдары туруктуу экендиги жазылат маалыматтарда. Жергиликтүү полиция окуя катталган аймакты курчоого алып, бул боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ошондой эле маалыматтарда, бул ок атуу Шампейн шаарынын түндүк-батышында жайгашкан мектептеги окуяга байланыштуу болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Ок атуу окуясынан 15 мүнөт мурун аталган мектепте жаңжал чыгып, 25 жаштагы эркек киши жабыркаган. Ошол жаңжалды чыгарган адамдар баскетбол мелдешинен кийин ок атышы мүмкүн делүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Derzki_kyrgyz
2017-12-10 13:48:00
Же Озбекистандык же Кыргызстандан барга озбек. Аларда башка версия жок. Ал башка улуттан болсо дагы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан