"Apple" музыка издөөчү Shazam тиркемесин 401 миллион долларга сатып алууну көздөп жатат

Америкалык "Apple" компаниясы ырларды издөөдө жардамга келген Shazam тиркемесин сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдайт.

Маалыматка караганда, "Apple" компаниясы аталган тиркемени 401 миллион долларга сатып алууну көздөп жатат.

"Келишимдин суммасы 300 миллион евро же 401 миллион долларды түзөт. "Apple" компаниясы менен "Shazam Entertainment" компаниясынын ортосундагы келишим келе жаткан аптанын башында болушу мүмкүн. Айрым баалоолор боюнча "Shazam" компаниясынын баасы 1 миллиард долларды түзөт", - деп жазылат маалыматта.

Аталган тиркеме ырларды, музыкалык чыгармаларды издөөдө кеңири колдонулат. Тиркемени көчүрүп алган колдонуучу аппаратынын микрофонуна аталышын жана аткаруучусун таппай жаткан ырдын обонун салып ырдаганда тиркеме керектүү маалыматтарды экранга чыгарып берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ali-han
2017-12-10 18:15:50
Мага эмес 100 млрд долларга сатпайбы. 1 грамм кызыгы жок. Супер Инфо Шейх Чубак ажы жонундо же президентибиз жонундо жазгылачы
-8
boris8907
2017-12-10 20:04:02
Ali-han,саясаттан жадабайсынбы
-1
barsa30
2017-12-10 22:44:28
Сатпай эле койсо жакшы болмок апл платный кылып койбосо болду менин жалгыз жардамчым .
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан