Бүгүн, 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти жана Эмгек сиңирген артисти Гүлшайыр Садыбакасова 64 жашка чыкса, анын кызы ырчы Сайкал Садыбакасова 25 жашка чыкты. "Кыз бурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова менен куттуктоо үчүн байланышканыбызда өздүк майрамын 2 күн мурун эле белгилеп баштаганын билдирди.
"Рахмат. Бизде эки күндөн бери майрам. Кечээ күнү Сайкалдын туулган күнүн өткөрдүк. Кызымдын туулган күнүнө күйөө балам Максат торт жасатып, бизге сюрприз кылып тартуулады. Күткөн эмесмин, аябай толкунданып башкача болдум. Себеби тортто менин сүрөтүм жана Сайкалдын кичине кезиндеги сүрөтү түшүрүлүптүр. Бүгүн менин туулган күнүмдү тосуп жатабыз. Досторум, туугандарым, жакындарым жана балдарым болуп отурабыз. Оштогу кафелердин биринде даам сызып, бири-бирибизге жакшы сөздөрүбүздү айтып отурабыз", - деди Гүлшайыр Садыбакасова.
Айта кетсек, Гүлшайыр Садыбакасова 1953-жылы Ош облусуна караштуу Ноокат районунда туулган. Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамы 1972-жылы башталган. 1973-жылы алгачкы жолу кыздардан ансамбль түзүү аракети болгон. Чоро Кожомжаров, Эркин Курманов аттуу тунгуч кыргыз эстрада ансамблинин уюштуруучулары, көркөм жетекчилери топ түзүүгө аракет кылышкан. Кастинг башталып, тандалып отуруп алгачкы урма аспапта ойногон Гүлшайыр Садыбакасова болгон. Жыйынтыгында “Шоола” деген топ түзүлгөн. Топ Латвия, Литва, Москвага чейин барып келген. “Шоола” 7 жылдан кийин чыгармачылыгын токтотуп, Гүлшайыр Садыбакасова окууну бүткөн соң Оштогу педагогикалык окуу жайга мугалим катары жөнөтүлгөн. Ошто кыздар ансамблин түзүү демилгесин Рахман Салмаматов көтөрүп чыгып, Гүлшайыр Садыбакасова драмтеатрда 4-5 кыз менен ансамблге кошулган. Ансамблге “Кыз-Бурак” деген ат коюлган.