Археологдор Египеттин Луксор аймагында табылган 3500 жыл мурунку мумияны казып алып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка караганда, окумуштуулар эки мүрзөнүн бирин изилдегенге жакында гана мүмкүнчүлүк алышты. Көрүстөндө табылган мумия 3500 жыл мурун көмүлгөн болушу мүмкүн. Ал "Жаңы падышалык" доорундагы бийликтин өкүлү деген божомолдор айтылууда. Мумиядан тышкары мүрзөнүн ичинде жыгачтан жасалган бет каптар жана ачык түстөгү дубалда тартылган сүрөттөр табылган.
Египеттин байыркы табылгалар боюнча министрлиги аталган мүрзөлөрдү 1990-жылдары немец археологу ачканын, бирок алар ушул кезге чейин казылбай турганын билдирди.
"Мумиянын денеси кимге таандык болгону белгисиз, бирок министрликтин божомолу жана дубалдагы жазуу боюнча мумия Жехути Мес аттуу адам же болбосо Маати аттуу катчы болушу мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Экинчи көрдү жакында эле ачып, учурда анын айланасында изилдөө иштери жүрүүдө.
Луксор аймагында буга чейин сентябрь айында дагы падышанын зергеринин көрү табылган. Бул мүрзө дагы "Жаңы падышалык" дооруна таандык. Анда зергер Аменемхат аялынын жанында отурган абалда табылган.