Өкмөт: "Экологиялык таза мунайга өтүү өлкөдөгү бензиндин баасын 10 сомго чейин жогорулатышы мүмкүн"

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештеги агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети өлкөдө ЕАЭБ талаптарына ылайык экологиялык таза мунайга өтүү маселесин карады. Ага ылайык, өлкөдө бензинди евро-5 категориясына 2021-жылга чейин өткөрүү пландалган.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, өлкөдө унаалардын саны 1 миллиондон ашты. "Бишкекке күнүнө 40 миңге чукул унаа кирет. Учурда кыргыз өлкөсү евро-3 категориясындагы бензинди колдонот. Евро-5те зыяндуулуктун деңгээли учурдагы күйүүчү майдан 50 эсе аз. Бул менен баа көтөрүлөт. Менин оюмча, бул 10 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн", - деди чиновник.

Талкууда депутаттар Асылбек Жээнбеков, Мирлан Бакиров, Рада Туманбаева таза мунайга өтүүнүн убактысын 2019-жылга жылдырууну сунушташты. Комитет бул сунушту жактырды.

Жээнбековдун айтымында, баалар 10 сомго чейин көтөрүлбөшү керек. "Эң башкысы - ден соолук. 10 сомго кымбат болсо деле, бул жактан 10 сом үнөмдөйбүз деп андан көп нерселерди жоготуп жатабыз. 2019-жылга чейин дагы бир жыл убакыт бар", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Dalil
2017-12-11 12:15:29
Таза мунайга кошумчасын кошуп дагы эле ушул мунайды сатпаса болду.
+5
Arlenchik
2017-12-11 12:26:16
Ошол эле евро-3ту сатып евро-5 ке оттук деп коюп бааны которуп ортодон акча жей бериши мумкун, бизде коррупция гулдогон жегичтерге ишенуу кыйын.
+7
Alixan-Nookat.2015
2017-12-11 12:29:18
Бизде евро 1ге евро 3ту аралаштырып элдин акчасын жей берет таза евро 1 колдонуусуна көз жетпейт
+5
amirrus
2017-12-11 12:32:31
таптакыр каршымын аи95 ке аи80ди аралаштырып саткандай эле евро 5ке евро3 ту аралаштырбайт деп Ким кепилдик бере алат.Гсм ди визуально не кто не сможеть определить,только лаборатория
+8
Mers124
2017-12-11 12:43:24
Ошондо солярка өткөргөн атабы.
0
love_you
2017-12-11 13:14:41
бул жегичтерге 10 сом эмес100 сомго которулсо деле кылы кыйшайбайт. карапайым эл эле азабын тартат. ат арабага отобуз го. андай болсо пенсия пособия айлыктар да которулсун.
+4
boris8907
2017-12-11 13:30:25
2030 га жылдыра туруш керек . Бензин кымбаттаса баары кымбаттайт айлык россиядагыдай болсо бир жөн.
+4
munar1980
2017-12-11 14:50:32
Казанчынын оз эрки кайдан кулак чыгарса деген макал бар го . Эми Окмот нени каласа ошону жасашат да. Бирок ошол таза бензин сатылышына кепилдикти ким алат деген суроо туулбай койбойт экен.
+2
yrysbek
2017-12-11 15:18:49
Эхх кайран гана Кыргыз элим, бийликтин уяты жок экен, эми ушул шылтоону ойлоп таап куйуучу майды арзандата албай элди эми ушул шылтоо менен элди кыйнай турган болдунарбы? Мурдатан эмне кылып журдунор? Ошондо деле ушул бензин сатылат себеби силер элдин козун боем жатасынарда ишендирип, и айланар дагы жок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан