"Нобель" сыйлыгынын лауреаттары сыйланышты

Кечээ, 10-декабрда Швециянын борбору Стокгольм шаарында 2017-жылдагы "Нобель" сыйлыгынын лауреаттары сыйланышты.

Белгилүү болгондой, медицина тармагынан аталган сыйлыкка Майкл Янг, Жеффри Холл жана Майкл Росбаш аттуу америкалык биологдор татыган. Алар биологиялык сааттарды алгачкылардан болуп ойлоп табышкан. Физика тармагынан америкалык Райнер Вайсс, Кип Торн жана Берри Бэриш ээ болушса, химия жаатынан Жак Дюбоше, Йоахим Франк, Ричард Хендерсонго молекулалардын түзүлүшүн аныктоочу микроскопту иштеп чыгышканы үчүн ыйгарылган. Ал эми адабият боюнча Японияда туулган британиялык жазуучу Кадзуо Исигуро "Нобель" сыйлыгынын лауреаты аталган.

"Нобель" сыйлыгы - илимий, маданий же өзгөчө изилдөөлөрдү жараткан инсандарга ыйгарылат. Сыйлык швециялык химик Альфред Нобелдин наамынан аталып калган. Лауреаттарга тапшырылган медалдар алтындан жасалып, салмагы 175 граммды түзөт. Эгер сыйлык аукционго коюла турган болсо, алтындын салмагына гана карабастан кимге тиешелүү экенине көбүрөөк маани берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AzKumFerDan
2017-12-11 17:43:34
Сонунго
0
maratbek88.88
2017-12-11 23:33:18
Кобу америкалыктар экенго жылдагыдай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан