Борбордук Европа суу каптоодон олуттуу зыян тартууда

Июнь айынын башында нөшөрлөп жааган жамгырдан Германия, Австрия, Швейцария, Чехия, Польша катуу жапа чегүүдө. Бүгүнкү күнгө карата миңдеген киши жашаган жерлеринен эвакуацияланып, 4 киши каза тапты. Суу каптоодон эң көп жабыркаган Германиянын Пассау шаарынын жетекчилиги кырдаалды “опурталдуу” деп мүнөздөдү. Ал эми Чехиянын борбору Прагада мектептер жабылды. Коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учурап, зоопарктагы жаныбарлардын бир бөлүгү эвакуацияланганы кабарланды. Шаардагы тарыхый борборду суу каптабашы үчүн атайын тосмолор орнотулду. Австрияда Дунай дарыясынын жээгиндеги аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Метеорологдор нөшөрлөгөн жаан алдыдагы күндөрү басаңдайт деп болжолдоодо. Суу каптоо алып келген чыгымдарды так эсептөө кыйын болуп жатканын айтышууда адистер.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан