Түркияда өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоганды отставкага кетүүгө үндөгөн демонстранттардын толкундоолору уланууда. 2-июндан 3-июнга караган түнү демонстранттар менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кезектеги кагылышуу болду. Айта кетсек, нааразычылык акциясы өкмөттүн соода борборун куруу үчүн сейил бактардын бириндеги дарактарды кыюусунан улам келип чыккан. Митингге чыккандарды полиция кызматкерлери кууп таркатып, 12 адам жарадар болгон. Нааразылык акцияларын тезинен токтотууга чакырган Режеп Тайып Эрдоган ишемби күнү кайрылуу жасап, өз сөзүндө тартип орнотуларын белгиледи. “Жергиликтүү дүкөндөр зыян тартканына, таш жана күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр менен кол салынганына карабай, полиция аларга берилген ыйгарым укуктун чегинде иштөөнү улантат”,- деди ал. Эрдоган демонстранттардын талаптарын аткаруудан баш тартып, отставкага кетпей турганын айтууда.