Жаңы жылга саналуу күндөр калган мезгилде сулуулук дүйнөсүн жаңы тренд каптады.
Социалдык тармактарда популярдуулукка ээ болуп бара жаткан жаңылык бул балаты каштар. Анда кыздар балатынын ордуна өзүнүн каштарын кооздоодо. Балаты каштар социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу тарабынан пайда болгон.
Көпчүлүк интернет колдонуучуларга бул өзгөчө макияж жагып, алар да өз каштарын балатыдай кылып кооздоп сүрөттөрүн жарыялашкан. Кээ бир кыздар каштарын ар кандай түстөргө боёп жана майда жылтырактарды чаптоо менен фантазиясы чектелсе, айрымдары майда шам чырактарды да кошуп кооздошту.