"Өнүгүү-Прогресс" менен "Ата Мекен" вице-спикерликке кимдерди сунуштай турганын чечишти. "Республика-Ата Журт" али ойлонуп жатат

Бүгүн, 12-декабрда парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет төраганын орун басарлыгына оппозициялык фракциялардан көрсөтүлгөн талапкерлерди парламенттин кароосуна чыгаруу чечимин кабыл алды.

Вице-спикерликке "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Мирлан Бакировдун талапкерлиги, "Ата Мекенден" Сайдулла Нышановдун талапкерлиги көрсөтүлдү.

"Республика-Ата Журт" фракциясы да өз талапкерин алып чыкмакчы. Азырынча бул фракция бир талапкерге токтолгону боюнча расмий билдирүү бере элек. Бул маселе парламенттин кезектеги жыйынына чейин чечилиши шарт.

Эске салсак, 6-декабрда Жогорку Кеӊештин төрагасынын мурдагы орун басары Алтынай Өмүрбекова ("Республика-Ата Журт") өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан