Ушул жылдын 8-ноябрында Кытайдын популярдуу блоггер жана руфери (“Roof» - англ. “чатыр”, чатырга чыгып, ар кандай акылга сыйбаган трюктарды жасаган адам) У Юннин трюк жасап жаткан учурунда каза болгон. Бирок анын жакындары бул маалыматты арадан 1 ай өткөн соң гана тастыкташты.
Белгилүү болгондой, ал Чанша шаарындагы 62 кабаттуу асман тиреген имараттын чатырына чыгып, белгисиз демөөрчү үчүн трюктарды аткарып жаткан. Бул үчүн ал 15 миң долларга жакын гонорар алмак. Ал акчаны оорулуу апасынын дарылануусуна жана өзүнүн үлпөт тоюна жумшоону пландаган. Бирок трюк аткарып жаткан учурда күтүлбөгөн жерден кулап кетип, жыйынтыгында жарык дүйнө менен кош айтышкан.
У Юннин – 26 жашта болгон. Мурда каскадёрлук менен алектенип, сериалдарга масса иретинде тартылып келген. 2017-жылдын февраль айынан тарта Кытайдагы Weibo социалдык түйүнүнө бийик имараттардын чатырынан жасаган трюктарын жүктөп, аларды эч кандай коопсуздукту сактоо куралы жок аткара турганын айтып келген. Ушул күнгө чейин 300гө жакын видео жүктөгөн руферге миллиондон ашуун окурман катталган. Ал акыркы видеосун 8-ноябрь эртең менен жүктөп, ошондон тарта дайыны чыкпай калган. Мындан улам ага катталган окурмандар руфердин ден соолугунан сарсанаа болушуп, ар түрдүү божомолдорду айтып келишкен. Ал эми толук 1 айдан соң 8-декабрда анын сүйүктүүсү интернеттеги баракчасына “Мен 8-ноябрь тууралуу ойлонуп жатам. Сен бул дүйнө менен коштошкон күн тууралуу...” деген билдирүү калтырган. Андан соң анын акыркы, кулап бара жаткан видеосу интернетке тараган.