Ырчылар "Жаңы жылдык көгүлтүр отко" тартуу үчүн акча талап кылган телеканалдарга нааразы болушту

Бүгүн, 12-декабрда автордук укук тууралуу жүрүп жаткан талкуу учурунда Кыргыздын маданият өкүлдөрү телеканалдар "Жаңы жылдык көгүлтүр отко" тартуу үчүн алардан акча талап кылганына нааразы болушту. Бул боюнча КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова өз оюн билдирди.

"Телеканалдар жыл бою маданият өкүлдөрүнүн жакшынакай чыгармалары менен көрүүчү топтошот да, Жаңы жылга келгенде аларды жакшы-жаман деп бөлүп, ошого жараша акча талап кылышат. Муну тез арада токтотуу керек", - деди ал.

Анын сөзүн ырчы Роза Шакирова да коштоду.

"Мен 5-6 жылдан бери "Жаңы жылдык көгүлтүр отко" акча берип тартылып жүрөм. Акчасы берүүнүн убактысына жараша болот. Мисалы, былтыр Азиза, Айнура Салахидинова үчөөбүз бир чыгарманы чогуу аткарганбыз. Аны теледен түнкү саат 12ден 1ге чейинки аралыкта көрсөтүү үчүн 18 миң сом төлөгөнбүз", - деди ал.

Ырчылар автордук укук, жаңы жылдык көгүлтүр от боюнча талкуу жүргүзүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
Kanzada97
2017-12-12 20:07:30
Эн туура тологуло! Налог десе качасынар патент десе качасынар давай тологуло!
+29
ady-88
2017-12-12 20:18:58
Толосун. Азыркы заманда ырчылардын ити чоп жеп жаткан учуру
+21
Azatbek83
2017-12-12 20:30:17
Тооогуло да силер эмне элден айырманар барбы кыйратып ырдагандайсынарда.Фонограма да ырдап журосунор андан коро живой голос менен ырласанар ошондо силерди кыйналып ырдап жатат деп бираз силерди ойлойт элек!
+17
Best.bakyt
2017-12-12 20:41:41
Тологуло, тологунор келбесе катышпагыла. Биро зордоп киргизип анан толо деп атабы же. Келе келе деп алганды эле билюей бергенди да билсенер. Чындаса теленин аркасы менен киши болгонсунар.
+22
Yahoo
2017-12-12 21:08:12
Бир жылда бир жолу толоп койсонор эмне болот?Мактанганда уй-машинеге чейин корсотосунор, бир ырга 6 мин сом толоп койсо эмне болуптур.Же арендага башка жерди алып чонтогунордон сахнаны жасалгалап тарткыла.Гулнур айымдын даттанганы бутподу, же бир композитор болуп кетпеди же ыр жазып жалчыбады.
+23
cfif03748
2017-12-12 21:47:33
Тологунор келбесе.барбай койгула.бутту!силерди эч Ким зордобойт.
+14
jama9210
2017-12-12 21:55:30
Төлөбөсөңөр чыгып кеткиле эшике
+10
aman0296
2017-12-12 21:57:03
Уят деген болуу керек Уулу урматту ырчылар! 1 жылда 20 мин сом берип койсонор , эч бир жеринер кемибейт. 1 кундо 20 минди таап коёсунарго!
+13
munira-tilen
2017-12-12 22:26:57
Мен да кошулам алганды билесинер бергенди да билгиле да
анан арикимин озунордун столунарды жасап отургулачы гул менен ак сууну ичип отура бербей ошо отунарда
+19
B.GULNARA
2017-12-13 00:42:42
munira-tilen,)))
+2
dina
2017-12-12 22:54:02
1 жыл ырынарды бекер коюп элге таанытып жатат да, чыгарбай койсо силерди ким таанып, ким тойго чакырат эле?)) 18 мин сом учобунорго 6000ден эле тиет. А силер 1 тойго 6000 аз деп ырдабайсынар да. Оператор, режиссер ж.б. кызматчыларда кичине жаны жылдык гонорар алышсын. Анан шампандар, деккорлор бар дегендей.
+15
Medinaa
2017-12-13 00:11:27
Төлөгүлө!Акча алганды гана билесиңер!
+10
Pandora
2017-12-13 01:40:15
Акчанар жок болсо айткыла карапайым калк 1сомдон топтоп берет,2сомдоон чогултса силердин тойдогу гонарарынар да чыгып калат.Силер келип ойноп кулуп акчаны алып кете бересинер
+5
nazira...
2017-12-13 08:51:07
Дегеле карасан буларды. Только алса. Озунордон коргуло саны бар сапаты жок ырчылар кобойуп авторитет деле жок болуп баратат силерде. Кайсы телеканал экен азззамат. Ырас эле кылыптыр. Колунан келгени,таланты,уну бары ырдасын, келбегени башка ишин кылсын да.
+8
Baku88
2017-12-13 11:33:36
Төлөшү керек ооздорун эптеп септеп кыбыратып кош коштоп машина алып коштоп үй салып чет өлкөгө чыгып эс алып келип атасынар. Дагы аз толойт экенсинер. 500$ берип катышсанар да аздык кылат силерге. Ырдаганынар фонограмма дагы нааразы болушат. Мен 100% колдойменен.
+4
sabyr86
2017-12-14 19:42:55
Бир ыр учун 18 миң толоп катышпай койгула,ким кыйнап атат силерди.патент толо десе да ызылдайсынар,пейлинерди кенен койгула,мамлекет эмне кылып берди онор адамдарына дейсинер,мамлекет элге эле эмне кылып берди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан