2017-жылдагы эң көп интернеттен издөөгө алынган орус белгилүүлөрү аныкталды

Орустун белгилүү инсандарынын арасынан 2017-жылдын эң популярдуулары аныкталды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, жыйынтык интернеттен кимдин аты эң көп изделгенине карап чыккан. Анда эркектердин арасынан 1-орунга ырчы Дима Билан, 2-орунга "Пусть говорят" берүүсү аркылуу таанылган алып баруучу Андрей Малахов ээ болсо, 3-орун СССРдин Эл артисти Армен Жигарханянга буюрган.

Ал эми айымдар арасында биринчиликти опера ырчысы Мария Максакова багындырган. Ушул жылдын март айында анын жолдошу, Орусиянын мамлекеттик Думасынын депутаты Денис Вороненковду белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Мындан улам аны интернеттен издегендердин саны ого бетер өскөн. 2-орунга "Евровидение" сынагына катышууга камынып жүргөн Юлия Самойлова, 3-орунга бир түндө 2 ирет зордукталганын айтып "Пусть говорят" берүүсүнүн каарманы болгон Диана Шурыгина татыган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Medinaa
2017-12-12 23:51:47
Калганын билдедим,Шурыгина точно популярдуу болду.)
+9
Dembele84
2017-12-13 01:03:15
Бузова жок го
+5
mentol
2017-12-13 01:34:40
Dembele84,Балээ барбы ага) Шурыгина шарманда эле болду
+3
raykray
2017-12-13 01:53:50
Уят Шурыгина !!! Тооба не заманга баратат э , мааниси жоктор ХХХХ астына чыгып
+2
admin_superstan
2017-12-13 09:47:10
aibars, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан