SUPER.KG порталынын "Медиа-Портал" бөлүмүндөгү "Элдик видеого" "Муздун туткунунда калган марал куткарылды" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Анда көлмөнүн үстүн калың муз каптап, муз үстүнө чыгып алып кайра жээкке жете албай калган маралды куткарып жаткан адамды көрүүгө болот. Окуя АКШнын Орегон штатында болгону белгилүү болду. Куткаруу кызматына жашоочулардан адаттагыдан башкача билдирүү келип түшкөн.
"Муздан тайгаланып жээкке чыга албай жаткан маралды куткарууга жардам керек".
Куткаруу үчүн барган кызматкерлер гольф талаасына жакын жайгашкан тоңгон көлмөнүн үстүндө тайгаланып тура албай калган маралды көрүшкөн. Марал кантип куткарылганын шилтеме менен "Элдик видео" бөлүмүнө өтүп көрүңүз.