3-июнь күнү өлкөдө 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнөн билдирди. Айта кетсек, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош шаарында 1 жана Жалал-Абад облусунда 1 тилсиз жоо болуп өттү. Мындан адам өмүрүнө зыян алып келген фактылар катталган эмес.