Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга расмий иш сапарынын алкагында бүгүн, 13-декабрда "Куксарой" резиденциясында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоев менен расмий жолугушуу аземи болду.
Флагштоктордо Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду.
Эки өлкөнүн президенттери Ардактуу кароол менен учурашып, делегацияларды тааныштыргандан кийин, ошондой эле Өзбекстанда аккредитацияланган чет элдик дипломатиялык миссия башчылары менен учурашып, тар курамда сүйлөшүү үчүн сүйлөшүүлөр залына бет алышты. Андан соң сүйлөшүүлөр кеңири курамда улантылды.