Азербайжанда эки жыныс мүчөлүү ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ымыркайдын жыныстык мүчөсү өз ордунда болгону менен, белине экинчи жыныс мүчө жайгашкан. Дарыгерлер дароо эле аны операция жолу менен алышкан. Бул боюнча аталган төрөткананын башкы адиси Гундуз Агаев билдирүү тараткан.
"Эненин курсагында эгиз ымыркайлар болгон. Анын бирөөсү өспөй калган да, бир гана жыныс мүчөсү экинчи түгөйүнүн белине чапташып калгандыктан аны менен кошо чоңоё берген. Аны наристе туулган соң операция жолу менен алып салдык. Азыр ымыркайдын башка балдардан эч кандай айырмасы жок. Учурда эне-бала төрөтканадан өз үйлөрүнө чыгып кетишкен", - деген ал.