Орусиялык журналист Екатерина Гордон: "Эгер бийлик жогорку кызмат сунуштаса, президенттикке койгон талапкерлигимден баш тартам"

Орусиялык белгилүү алып баруучу, журналист Екатерина Гордон ушул жылдын октябрь айында келе жаткан президенттик шайлоого катышарын жарыялаган. Ал эми кечээ, 13-декабрда эгер бийлик жогорку кызмат сунуштаса, өз талапкерлигинен баш тартууга даяр экенин билдирди.

"Эгер бийлик министрдин же акыйкатчынын ордун сунуштаса, президенттикке койгон талапкерлигимден баш тартмакмын. Ошондой эле Жогорку Сот жана юстиция министринин кызматына киришүүгө да макулдук бермекмин", - деген ал.

Ошондой эле талапкерлигин көрсөтө турган партия менен келишим түзүлгөнүн айткан.

"Менин талапкерлигимди көрсөтө турган партия жаңы түзүлгөн эмес. Көптөн бери саясатта жүргөн партия. Азырынча аталышын атабай турайын", - деген ал.

Белгилей кетсек, Орусиядагы президенттик шайлоо 2018-жылдын март айына белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kansulu
2017-12-14 08:54:00
Президенттикке койсон деле отбойсунда,озу деле билип туратда анан мынтип айтканы кызык экен
+5
kechirmeni
2017-12-14 09:06:40
Мага бир кресло керек эле деп ачык эле айтпаптыр да
+6
ainur78007
2017-12-14 09:08:49
Хе-хе...Собчак менен шайлоодо куч сынашайын дегенго,эски чырларды эстеп)))
-1
datkayimjan
2017-12-14 09:18:12
Коркутат го
-1
novayariga
2017-12-14 09:30:32
Ии байкуш ий деп койчу элек илгери)
-2
Dembele84
2017-12-14 09:57:47
Мен кандидатурамды койсом баарибир отуп кетем,ошон учун сыйынар барда нормальный кресло даярдап койгула министрликтен-деп койбоптур)))
Ал шайлоодо Гордондун бар же жок экени билинбей отот го дейм.
+5
rruslan88
2017-12-14 10:11:36
Биздеги Торобаевке окшошурак экен
+6
Zidan1
2017-12-14 12:01:09
Путин ортонку манжасын корсотуп койбосун)
+3
Bekboloooot
2017-12-14 13:10:09
Путин шайлоого катышам деди так что үмүтүңөрдү дагын 4,5 жылга үзө бергиле!

Министр болсоңбу тиги би бул бу үүтүңөрдү үзө бергиле!
+1
bok2012
2017-12-14 19:27:50
Бул озу ким
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан