SUPER.KG порталынын "Медиа-Портал" бөлүмүндөгү "Элдик видеого" "Жүрөгү сыртында жайгашкан ымыркай" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: tattum67).
Британиянын Ноттингем шаарынын 31 жаштагы тургуну Наоми Финдлей кош бойлуу кезинин 9-айында УЗИге түшкөн. Дарыгерлер анын ичиндеги ымыркай жүрөктүн эктопиясы (жүрөктүн дененин сыртында жайгашып калышы) менен жабыр тартарын айтышкан. Дарыгерлердин айтымында ымыркай жарык дүйнөгө келгени менен, анын жашап кетүүсүнө болгон ишеним аз болчу.
Ымыркайдын атасы Дин Уилкинсиндин айтымында, дарыгерлер аларга баланы жасалма жол менен мезгилинен эрте төрөтүү керектигин айтышкан. Бирок ата-эне бул сунушка макул болгон эмес.
"Биз балабыз көпкө жашабаса дагы аны акыркы сапарга адам катары узаткыбыз келген. Төрөлө элек ымыркайыбыздын өмүрүн эч качан кыя алмак эмеспиз", - деп билдирген Дин.
Дарыгерлердин айтымында, маселе жүрөктүн туура эмес жайгашуусунда эле болбосо анын ден соолугу чың экени аныкталган. Ымыркай 22-ноябрда жарык дүйнөгө келген ага Ванилопа Хоу деген ысым ыйгарылган.
Ымыркайдын төрөлүшүнө жана анын жүрөгүн кайрадан өз ордуна жайгаштырууга 50 дарыгер катышкан. Азыркы тапта ымыркайдын абалы жакшы. Ванилопа Хоу Британиядагы жүрөктүн эктопиясы менен төрөлүп, өмүр сүрүп жаткан эң алгачкы адам.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.