Бүгүн, 14-декабрь күнү Бишкекте Молдо Кылычтын 150 жылдыгына арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында саат 14:00дө башталат.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү акын-жазуучулар, чыгармачыл интеллигенция, акындын урпактары, ЖОЖдордун студенттери жана акындын чыгармачылыгын баалаган окурмандар катышат.
Айта кетсек, Молдо Кылыч Шамыркан уулу кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири. Кочкор өрөөнүнүн Бугучу деген жеринде 1866-жылы төрөлгөн. Кылычтын өз атасы Шамыркан атактуу баатыр Төрөгелдинин тун уулу. Кылыч беш жашка чыкканда анын атасы Шамыркан дүйнөдөн кайтат. Ал атасындай жаш кезинен чыйрак, зирек бала болуп чоңоёт.
Анын “Зилзала” деп аталган чыгармасы 1911-жылы Казань шаарында араб алфавити менен басылып чыккан. Бул жагдай кыргыз элинин тарыхында басмага жарыяланган алгачкы чыгармалардан болгондугун айгинелейт. Мындан сырткары ал өзүнүн "Чүй баяны", "Керме тоо", "Канаттуу", "Кол казал", "Кара Кочкор", "Кыз-жигит", "Мал казал", "Жатакчылар", "Чүй канаттуулары" аттуу чыгармалары менен элге таанылган.