Депутат: "Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө "Ата-Бейитке" бийликтен бир да адам келген жок"

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөт маданият тармагына көңүл бурбай жатканын айтты. Ал кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүү боюнча мамлекеттик деңгээлде бир да иш-чара өтпөгөнүн айтып, өкмөттүн дарегине бир катар ачуу сындарды келтирди.

"Жакында Алыкул Осмоновдун каза болгон күнү, Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү өттү. Мен таң эрте "Ата-Бейитке" бардым. Ким келет экен деп күттүм. Бирок президенттин аппаратынан да, өкмөттүн аппаратынан да, Жогорку Кеңештен да эч ким барган жок. Эки саат ошол жерде отурдум, академик Акматалиев, Акбар Рыскулов баштаган жазуучу акындардан башка эч ким басып барган жок. Филармонияда жазуучулардын чоң салтанаттуу жыйыны болду. Бир да бийликтен өкүл басып барган жок. Кытай, Венгрия, Польшадан Айтматовду кыргыз жазуучусун урматтаган адамдар келди", - деди Момбеков.

Депутат бийлик өкүлдөрү кечинде спектаклге барышканын айтып, аткаминерлердин атайын иш-чараларды өткөрбөгөнүнө нааразы болду.

"Кечинде баары спектаклге барышты. "Ата-Бейит" менен спектаклге барган башка. Артисттер менен жазуучулардын сөзүн уккан башка. Мамлекеттин маданиятка болгон мамилеси ушул болсо бул маңкурт мамлекет. Өкмөт Дөнөнбай болбош керек, маданият Найман эне болбош керек. Ушунчалык зээним кейиди, бир киши Айтматовду эскерген жок. Бир Сооронбай Жээнбеков жалпы элге кайрылуу жасады.

Түркиянын, Өзбекстандын президенттерине, бийликтерине рахмат. Ошол жерлерде Айтматовдун күндөрү белгиленди, айкелдери, көчөлөрү ачылды. Биздин өкмөт жазуучунун тоюна келгенде эч кандай иш-чара өткөргөн жок. Ошол тармакты тейлеген вице-премьер-министр, маданият министри "Ата-Бейитке" барып койгон жок. Көзү өткөн, көзү тирүү жазуучуларга барбасак, эмне үчүн прокуратура УКМКнын, милициянын кесиптик майрамына барабыз. Интеллигенцияга болгон мамилебиз ушундай итчилик болуп жатпайбы", - деди Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kushtari
2017-12-14 11:25:58
Сосуз туулган кунундо барып келиш керек беле отуруп алып еле суйлой бересинерда туулуп кайра отуп кеттиго
-12
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-14 11:34:59
Тируусунду башка мамлекетке кубалап жаттынар эми олгондо кадырлайбы турктор кыргызча суйлоп Чынгыз агабызды мактап жатышты булар каяктан жей калсам деп журуштуда
+4
pusur
2017-12-14 12:35:17
Адам бир эле жолу торолот.
+3
dina
2017-12-14 13:46:09
Отунбаева барды коруно да, уйуно да куран окутуп
-3
taalay25
2017-12-14 14:24:43
Озун баш болуп XXXX тойдо тост айтып журосун. Анан башкалардан талап кыласын. Силердин денгелинер XXXX тойдон нары отбой калдв
-1
Targarien
2017-12-14 15:59:43
Жыл сайын эле анын туулган кунуно иш чара жасап бюджеттин акчасын коротот
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан