DPS Skis Cinematic компаниясы Outdoor Research менен биргеликте тарткан кыска метраждуу тасмаларынын топтомун жарыялады. Алардын арасында "Song For The Nomad" ("Көчмөндөргө арналган ыр") аталышындагы ролик Кыргыз өлкөсүндө тартылган.
Ролик Vimeo порталына жайгашкандан тарта көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болгон. Бир аптадан бери аны көргөндөрдүн саны өсүп, жагымдуу комментарий калтыргандар арбын.
Видеоролик Бишкектин быкылдаган кишиси көп, соода-сатыктар жүргүзүлгөн "Ош базары" аймагы менен башталганда автор эмне жөнүндө айткысы келип жатканын түшүнүү кыйын. Андан соң музыкант бийкеч борбор калаадагы концерттик залдардын бирине келип, фортепианодо чыгарма аткарып баштаганда, көрөрманды алыскы тоолорго алып жөнөгөн сезимдер каптайт. Колуна ооз комуз алып боз үйдүн так борборунда от жагып отурган кары адам фортепианонун добушун коштоп ооз комузда ойнойт. Муну менен автор көчмөн калктын байыркы заманы менен азыркы кыргыздын заманбап жашоосун айкалыштырууну көздөгөн. Ошондой эле чет элдик туристтердин көзүн күйгүзгөн ак карлуу бийик тоолордо лыжа тепкен спортчунун да кадрларын көрүүгө болот.