Индиялык киноактёр, режиссёр, продюсер, сценарист Радж Капур Индиянын Пешавар шаарында төрөлгөн. Радж Капур мекенинде киного байланыштуу болгон бардык сыйлыктарды алган. Ал "индиялык Чарли Чаплин", "индиялык тасмалардын атасы" жана "Чыгыштын көк көздүү падышасы" катары дүйнө жүзүнө таанылган. Орусияда "селсаяк жолдош", ал эми Европада "индиялык Пётр I" катары белгилүү болгон.
Радж Капур өзүнүн алгачкы ролун 1935-жылы "Революция" тасмасында 11 жашында жараткан. Ал бала кезинен театр сахнасында ойноп, импровизацияга жөндөмдүүлүгүн, эмоционалдуулугун көрсөтө алган, бирок анын кыялы кино болчу. Жогорку билим алуудан баш тартып, "Bombay Talkies" студиясында режиссёрдун жардамчысы болуп иштеп, практика жүзүндө кинематографисттик адистикти өздөштүргөн. Ошону менен бирге батыштын кинематографиясынын техникалык жетишкендиктерин изилдеген. Актёр 40-жылдары киного активдүү тартыла баштап, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болгон.
1946-жылы Капур өзүнүн алгачкы "От" тасмасын тартып, андагы башкы ролду ойногон. 1948-жылы аталган тасмадан түшкөн каражатка R.K. Films студиясын ачып, "Жамгырлуу мезгил" тасмасын тарткан. Капур "Бут кийим тазалоочу" тасмасында балдардын кылмыштуулугу, "Сангамда" качкындардын тагдыры, "Бобби" тасмасында касталардын теңсиздигин чагылдырып, көрүүчүлөрдү таасирленткен.
Режиссёрго чыныгы атак-даңкты анын 1951-жылы тартылган "Селсаяк" тасмасы алып келген. 1953-жылы аталган тасма Канн фестивалынын негизги катышуучусу болгон. Радж Капурдун тасмалары жалгыз Индиянын эле эмес, Түштүк Азиянын, Ирандын, Түркиянын, Араб өлкөлөрүнүн, Кытайдын, Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алган.
Мыкты актёр жана чыгаан режиссёр катары дүйнө элине атагы чыккан Радж Капур 1988-жылы 2-июнда Делиде астма оорусунан улам каза болгон.
14-декабрга карата жылнаама.