Хоккей боюнча Азия кубогу: Кыргыз хоккейчилери БАЭнин курама командасын 10:2 эсебинде жеңип алышты

Малайзияда өтүп жаткан хоккей боюнча жаштар арасында (U-20) Азия кубогунда Кыргыз хоккейчилери Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасын 10:2 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынан билдиришти.

Бүгүн, 14-декабрда Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталган экинчи турдун алкагындагы оюнунда Кыргыз курамасы БАЭнин хоккейчилерин жеңип алышкан.

Эсеп оюндун 15-мүнөтүндө ачылып алгачкы шайбаны Кылымбек Калкабаев киргизген. Оюнда эң көп гол киргизип жана мыкты оюн көрсөткөн Эрсултан Мирбек уулу жана Андрей Тришкин болгон.

Гол киргизгендер:

15:02 Мохамед Алмехайрби 1:1
16:07 Мохамед Алмехайрби 2:1
18:14 Эрамир Шамырканов 2:2
19:33 Андрей Тришкин 2:3
24:05 Андрей Тришкин 2:4
25:38 Жанболот Тагаев 2:5
31:35 Андрей Тришкин 2:6
39:02 Эрсултан Мирбек уулу 2:7
41:26 Андрей Тришкин 2:8
44:54 Эрсултан Мирбек уулу 2:9
54:26 Эрсултан Мирбек уулу 2:10

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Alixan-Nookat.2015
2017-12-14 18:32:00
Азаматсынар жигиттер ийгилик каалайм!
+2
Eksvp_1
2017-12-14 18:34:56
Футболдон көрө Хоккей жакшы.
0
FIFA7
2017-12-14 18:35:49
Кар корбогон, чолдо жашагандарды жонеле женишетта).
-5
KGstan1981
2017-12-14 18:47:05
Жакшы кабар Азаматсынар
+3
Pandora
2017-12-14 19:17:34
Ох хоо жагымдуу жанылыкда уга турган кун бар экенго
0
Edward.14
2017-12-14 19:29:53
Жакшы жаңылык экен.
Алга жигиттер жеңиш менен кайткыла!
+1
bayanis
2017-12-14 19:33:18
Мындай шотту коргон Акш, Канада, россия дуйнонун кучтуу хоккейчилеринин журогу тушуп калатго кыргыздар бул кетиште дуйно чемпиону болуп кететгоо деп
0
allia
2017-12-14 20:02:08
Ийгилик....!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан