Өткөн суткада Бишкек шаарында уурулук фактысы боюнча 5 адам колго түшкөнүн Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-июнда билдирди. 26 жаштагы Адилет О. акча уурдоо, 26 жаштагы Мирлан Т. акча жана уюлдук телефон уурдоо, 34 жаштагы Оңойбек М. акча уурдоо, 17 жаштагы Адилет М. акча урдоо кылмышы боюнча жана 18 жаштагы Темирлан А. дүкөндөн товар уурдаганга аракет кылган деп шектелип кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.