Google компаниясы 2017-жылы эң көп издөө жараткан суроолорду аныктады

Баарыбызга белгилүү Google компаниясынын адистери 2017-жыл ичинде колдонуучулар тарабынан эң көп изделген суроолорду аныкташты.

Белгилүү болгондой, жыл ичинде көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан окуялар Францияда өткөн президенттик шайлоо, 2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондук, Макгрегор менен Мейвезердин беттеши, "Оскар" сыйлыгы, спиннер, биткоин, iPhone 8 жана башкалар болгон.

Ал эми белгилүү инсандардын арасынан эң көп жолу көңүл бурулган Ариана Гранде болсо, көп изделген ыр - "Despacito" деп табылган. Ошондой эле Анжелина Жоли менен Брэд Питтин ажырашуусу, Ханзаада Гарри менен актриса Меган Марклдын үйлөнүүсү тууралуу маалыматтар жана Голливуддагы сексуалдык зордук-зомбулук тууралуу жаңылыктар жыл ичинде эң көп кароо жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан