Орустардын Жаңы жылга арналган "Елки новые" фильминде якутиялык актёр Геннадий Турантаев кыргыз Аяз атанын образын жаратты. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
"Мен "Елки новые" тасмасында Жаңы жыл алдында Аяз атанын образы менен акча табууну көздөгөн кыргыз гастарбайтери Мураттын образын жаратам. Эмнеге якут эмес, кыргыз? Билбейм, сценарий боюнча ушундай экен. Тасманын 7 бөлүгүнүн бирөөсүндө гана пайда болом. Ал "Кош бойлуу Аяз кыз" деп аталат. Тасманын трейлеринен трактор менен жаш балдарга белек таратып жүргөн жеримди көрүүгө болот", - деген ал.
Белгилей кетсек, аталган фильм Кыргыз кинотеатрларында 21-декабрдан тарта көрсөтүлөт.