Кыргыз кызы "Miss Asia Russia-2017" сулуулар сынагында ийгиликке жетти. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулары билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн атынан сынакка катышкан Нази Маатказиева "Ажарлуу сулуу" номинациясын жеңип алган. Ошондой эле өнөктөштөрдүн "Miss Kali collection" сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эми "Miss Asia Russia-2017" наамына бурятиялык Софья Замбалова ээ болгон.
"Miss Asia Russia-2017" эл аралык улуттук, маданий сулуулук фестивалы Москва шаарында өткөн. Ага Азия чөлкөмүнөн келген 15 сулуу катышып, финалы 14-декабрда болуп өткөн. Бул сынак Азия аймагындагы жаш кыздардын жагымдуу образын таанытуу үчүн уюштурулуп келет.
"Сынакка катышкан ар бир кыздын алдыга койгон максаты бар. Жан дүйнөсүнүн сулуулугу менен сырткы келбетинин сулуулугу айкалышкан, коомдук иштерге активдүү катышып башкаларга үлгү боло турган кыздар катышат. Бул сынак менен биз башка кыздарды да дал ушундай жашоо образына үндөгүбүз келет", - деп билдирген уюштуруучулар.
Белгилүү болгондой, Маатказиева буга чейин "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагына катышып биринчи вице-мисс наамын жеңип алган.