2012-жылы Алайда кар көчкүнүн алдында калган орусиялык жаран табыла элек

3-июнда ӨКМнын республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын кызматкерлери, Орусиянын турист жана альпинисттери Алай районундагы Жаңы-Айдар-Така коктусунун 4100 метр бийиктигине чыгып, кар көчкүнүн алдында калган орусиялык жаранды издешти. Бирок издөөдөн натыйжа чыккан жок. Эске салсак, Алай районунда 2012-жылдын 28-декабрында 1973-жылы туулган жараны Чернышов С.В. Жаңы-Айдар-Така коктусунда кар көчкүнүн астында калып калган. Ошол кезде издөө иштери куткаруучуларга кооптуу болгондуктан, Кыргызстан жана Орусия тараптын сүйлөшүүлөрүнөн кийин бир чечим менен издөө иштери жай мезгилине жылдырылган. Чалгындоо иштери бүгүн да улантылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан