Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы балатысынын жарыгы бүгүн, 15-декабрда саат 20:15те жандырылды.
Аянтка чогулган шаар тургундары "Ала-Тоо" аянтынын кооздугуна күбө болушту. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан балатынын жарыгын жандыруу үчүн аянтка сахна даярдалып анда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты.
"Келе жаткан 2018-Жаңы жылыңыздар менен жалпы шаар тургундарын куттуктайм. Ар бириңиздердин үйүңүздөргө тынчтык, токчулук жана бардыгыңыздарга ден соолук тилейм. Өлкөнүн башкы балатысынын бийиктиги 25 метрге жетет", - деди Ибраимов.
Майрамдык иш-чара чакан концерттик программа менен коштолду.