"Адэм" бий тобу Asia's Got Talent сынагында байгелүү орунга илинген жок

Кыргыз өлкөсүнүн "Адэм" бий тобу катышып жаткан Asia's Got Talent шоу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу маалымат сынактын интернеттеги расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматта жазылгандай, сынактын экинчи сезонунун жеңүүчүлөрү калыстардын жана көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү менен аныкталды. Баш байгеге коюлган 100 миң доллар үчүн сегиз финалчы өз өнөрлөрүн тартуулашкан.

Сыйлык индонезиялык "Каргыш тийген Рианна" деген каймана аттуу катышуучуга буюрду. Ал көрүүчүлөрдү өзгөчө номерлери менен таң калтырган.

Экинчи орунга Филиппинден барган DMX Comvalenoz бий тобу татыган. Үчүнчү орун бумбокс стилинде бийлеген Нейл Рей Гарсиага тийсе, "Адэм" бий тобу алдынкы 6 финалисттин катарына кирген.

Эскерте кетсек, буга чейин "Адэм" бий тобу көрүүчүлөрдүн көп добушуна ээ болуп сынактын финалына жолдомо алышкан.

Asia's Got Talent - Борбордук Азиядагы ырчы, бийчи, иллюзионист жана башка өнөрлүү адамдар арасында жаш өзгөчөлүктөрүнө карабай тандалып өткөрүлгөн сынак. Аталган шоу 2015-жылдын 12-мартынан баштап Азия өлкөлөрүндө көрсөтүлө баштаган. Анда атаандаштар 100 миң доллар өлчөмүндөгү байгеге ат салышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
loveless
2017-12-15 22:38:48
Жигиттер капа болбогула.Келечек алдыда.Биз учун силер женуучусунор.Биз силерди жакшы коробуз..
+11
arzygulR
2017-12-16 03:22:51
loveless, туура айтасын
+3
bosmos77777
2017-12-16 00:49:24
Окунучтуу!
+2
raykray
2017-12-16 21:44:32
Каргыш тийген Рианнаны жа Филиппиндин бийлерин королучу,админ
Толуктап койсонуздар болобу? Адем тобуна ийгилик баары алдыда)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан