Бишкектин 42 жаштагы тургуну Абдыкапар Э. милицияга арыз менен кайрылып, "Жал кичи районунда жайгашкан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагына кире бериштеги тосмону (шлагбаум) бейтааныш жаран велосипеди менен сүзүп сындырып, 20 000 сомдук чыгым келтирди" деп билдирген. Укук коргоо кызматкерлери "Авто Вор" аттуу рейд учурунда кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 18 жаштагы тургуну Ж. Бакытты кармашты. Кылмышка шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери башталды.