Украиналык ырчы жана алып баруучу Анна Седокова 1982-жылы 16-декабрда Украинанын Киев шаарында туулган. Мектепти алтын медаль менен аяктап, ошол эле учурда музыкалык мектепти да бүтүргөн.
Ал 16 жашынан баштап модель, түнкү клубдагы кечелердин алып баруучусу жана режиссёр-коюучусу болуп иштеп, кошумча акча тапкан. Киевдеги Маданият жана искусство улуттук университетине тапшырып, телевидение жана радионун диктору кесибине ээ болгон.
"О-TV" каналында алып баруучу болуп иштеп элге таанылган. Андан соң Константин Меладзенин "ВИА Гра" тобуна кастинг аркылуу 200 кыздын арасынан тандалып алынып, ырчы катары чыныгы атак-даңкка жеткен. Бирок бул топто ал көпкө чейин ырдаган эмес, көп өтпөй телевидениеге кайтып келип, "Новый каналда" Максим Нелипа менен "Подъем" телеберүүсүн алып барган.
Ошондой эле "Две звезды", "Ледниковый период 2" программаларына катышып, "Седьмая раса", "Проект Подиум", "Телезвезда - суперзвезда", "Король ринга" деген бир нече телеберүүлөрдү алып барган. Ырчы "Беременный" кинокомедиясына жана "Сила притяжения" сериалына тартылып, өзүн актриса катары дагы сынап көргөн.
2002-жылы кайрадан "ВИА Гра" тобунун курамына кирип, аталган топ менен бирге "Стоп-стоп-стоп", "Убей мою подругу", "Притяженья больше нет", "Не оставляй меня, любимый" аттуу белгилүү ырларды жаздырган. Атактуулуктун туу чокусунда турганда ырчы белгилүү спортчу Валентин Белькевич менен сүйүү мамилесин баштап, "ВИА Градан" кайра кетет. Экөө Алина аттуу кыздуу болушуп, бирок көп өтпөй ажырашып кетишкен. Айтылуу топтон кеткен соң Седокова жеке ырчы катары чыгармачылык менен алектенип, 2007-жылы "Новые песни о главном" программасынын алып баруучусу болгон. 2011-жылы Максим Чернявский аттуу ишкерге турмушка чыгып, Моника деген кыздуу болшкан. Ырчынын бул никеси да ийгиликсиз болуп, ажырашуу менен аяктаган.
Ал эми ушул жылдын февраль айында социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кош бойлуу экенин жарыялап, апрелде Гектор аттуу уулун жарык дүйнөгө алып келген. Уулунун атасы Артём Комаров деген бизнесмен экени жана түгөйлөр ырчы төрөгөндөн көп өтпөй мамилелерин үзүшкөнү айтылып келет.
Кызыгы ырчы ушул жылдын август айында социалдык тармакка уулу Гектор жана орусиялык “MBAND” тобунун солисти Анатолий Цой менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Ал гана эмес киргизген фотосунун алдына эч кандай билдирүү жазбастан, 3 жүрөкчө быйтыкчасын коюп койгон. Мындан улам күйөрмандары эки жылдыздын ортосунда сүйүү жаралганбы деген бүдөмүк ойдо калышкан. Бирок бул тууралуу эки тараптан тең эч кандай билдирүү жасалган эмес.
16-декабрдын жылнаамасы.