Америкалык рэпер Эминем 4 жылдык тыныгуудан соң өзүнүн акыркы альбомун жарыкка чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, альбом кечээ, 15-декабрда жарык көргөн. Ал саясий темаларды, атактуулук менен болгон күрөштү жана ырчынын балдары менен болгон мамилесин камтыган. Ошондой эле 21 жаштагы кызы Хэйлиге 3 ыр арнаган рэпер бул анын акыркы альбому экенин жар салган.
"Кайрадан атак-даңкка ээ болууга мүмкүн. Бирок мен аны каалабайм. Ушул менин акыркы альбомум, болду жетет...", - деген ал.