
Грузиялык дарыгерлер 25 жыл мурун аялдын ичинде калып калган пинцетти алып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аял дарыгерлерге таптакыр башка оору менен кайрылган. Дарыгер Ираклий Тодуанын айтымында, компьютердик томографиянын негизинде аялдын ичинде пинцет бар экени аныкталган. Мындан улам ага тез арада операция жасалып, ичинде калып калган пинцетти алып чыгышкан.
"Ал бизге ичеги оорулары менен кайрылган. Анын негизинде мындан 25 жыл мурун дарыгерлер операция учурунда ичине калтырып койгон пинцетти таптык. Эгер ал ооруканага кайрылбаганда дагы деле ошол бойдон жүрө бермек экен", - деген дарыгер.
Ошондой эле учурда аялдын ден соолугу жакшы экенин кошумчалаган.