"Кыргыз өлкөсү - кыска метраждуу тасмалардын мекени" кинофестивалы соңуна чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды

Кечээ, 15-декабрда "Кыргыз өлкөсү - кыска метраждуу тасмалардын мекени" аталышындагы VII Эл аралык кинофестиваль соңуна чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары кабарлашты.

Белгилүү болгондой, мамлекеттик киночулардын ичинен "Мыкты тасма" наамына Касиет Кубанычбек кызынын "Оймок" фильми ээ болгон. Ал эми "Мыкты режиссёрдук иш" наамын Евгений Чистяковдун "Ташкөмүр" тасмасы жеңип алган. Калыстардын атайын сыйлыгына Азамат Шаршеновдун "Жашоо керемет" тасмасы татыса, "Көрүүчүлөрдүн тандоосу" наамына Илгиз Турсунбек уулунун "Аңчылык" тасмасы илинген.

Ал эми эл аралык сынактан "Мыкты тасма" наамына украиналык Ханна Жалалинин "После" тасмасы, "Мыкты режиссёрдук иш" наамына грузиялык Иосеб Блиадзенин "Три ступеньки" фильми ээ болгон. Калыстардын атайын сыйлыгына эстониялык Владислав Муковниндин "Победа" киносу, "Көрүүчүлөрдүн тандоосуна" латвиялык Павел Гуменниковдун "Вперёд" тасмасы татыган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан