Социалдык тармактардын биринде "Тоголок жаныбарлар" деп аталган баракча ачылып, анда дүйнөдөгү ар кандай тоголок формасындагы жаныбарлар, канаттуулар жана башка майда жандыктардын сүрөттөрү менен видеолору жүктөлүүдө. Аталган жандыктар көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурдуруп, интернет жылдызына да айланышууда. Тактап айтканда аталган баракчадагы жандыктардын сүрөттөрү менен бөлүшүп, алардын кооздугуна суктанып бүтпөгөн интернет колдонуучулардын саны күн сайын өсүп барат.