Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 5 адам жаракат алып ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, кырсык бүгүн, 16-декабрда саат 18:30дар чамасында катталган.
"Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында Хундай Гетз жана Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаалар катышкан жол кырсыгы катталды. Анын натыйжасында Хундай Гетз үлгүсүндөгү унаада бара жаткан 3 адам, Хонда Степвагон унаасында бара жаткан 2 адам каза болгон. Дагы 5 адам ооруканага жеткирилген", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Андан сырткары алдын ала маалыматтар боюнча Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа Бишкек шаарынан Аксы районуна бара жатканы, Хундай Гетз үлгүсүндөгү унаа болсо Токтогул районунун Үч-Терек айылынан райондун борборун көздөй сапар тартканын кабарлашты.
Ошондой эле учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери жүрүп, каза болгон жана жабыркаган адамдардын аты-жөнү такталып жатканы маалым болду.